Быйыл Кыргызстанда айт намаз аянттарда окулбайт

21 мая 2020 15:04 1007 Barometr
Поделиться в:
ok

24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

“Мындай чечим республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайбыз”, - деп кабарлашты муфтияттан.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орозо айтка карата кайрылуу жасайт,

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-kyrgyzstanda-ajt-namaz-ayanttarda-okulbajt



Добавить комментарий