Быйыл Эгемендик күнү Ала-Тоо аянтында белгиленет
Поделиться в:
Бишкек мэриясында Кыргызстандын эгемендик күнүн белгилөөгө даярдык боюнча жыйын болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Райондун акимдери майрамга карата даярдык иштери тууралуу маалымат беришти.
Борбордук аянтта уюштурула турган майрамдык иш-чаралардын планы, райондордо майрамды өткөрүүнүн бирдиктүү консепциясын сактоо пландары айтылды, тиешелүү кызматтар менен кызматкерлердин иш жоопкерчилиги аныкталды.
Эскерте кетсек, былтыр эгемендиктин 29 жылдыгы коронавирустан улам массалык түрдө белгиленген эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-egemendik-kn-ala-too-ayantynda-belgilenet
Добавить комментарий ×