Бужум жайлоосуна жылкы издеп кеткен адамдын жансыз денеси табылды
Баткен облусунун Лейлек районундагы Бужум жайлоосунда жылкы издеп чыккан 52 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жылкы издеп чыгып кеткен жаранды издөө иштери 4 күндөн бери уланып, таппай келишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 25 куткаруучу тартылып, 3-декабрь күнү кечке жуук Бужум жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, 29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К. Мансуров аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужума жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайыны жок болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/buzhum-zhajloosuna-zhylky-izdep-ketken-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×