Жоголгон жылкысын издеп кетип кайра келбеген Лейлектин тургунун издөө иштери улантылууда

3 декабря 2018 13:45 1161 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Лейлек районундагы Бужум жайлоосунда жылкы издеп чыккан 52 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жоголгон жаран Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын 52 жаштагы тургуну. Ал окуя болгон күнү, 29-ноябрда жоголгон жылкысын издейм деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

2-декабрда издөө иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 25 куткаруучу тартылган. Бирок жыйынтык болгон жок. Куткаруучулар жеринде чатыр тигип түнөп, бүгүн да издөө иштерин улантышмакчы. Азырынча эч кандай маалымат тактала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogolgon-zhylkysyn-izdep-ketip-kajra-kelbegen-lejlektin-turgunun-izd-ishteri-ulantyluuda



Добавить комментарий