БУУ: XXII кылымда биз жомок деп ойлогон коркунучтар күтүлөт

22 февраля 2021 16:32 2213 Barometr
Поделиться в:
ok

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш  Адам укуктары боюнча Кеңешинин 46-сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып, COVID-19 пандемиясынын негизинде массалык санариптик маалыматтарды чогултуу коркунучу жөнүндө эскертти. Бул тууралуу БУУнун сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"COVID-19 пандемиясынан улам жарандар тууралуу маалыматтар кеңири чогултула баштады. Ар бирибиз жөнүндө бир топ чоң маалымат топтолгон. Бирок, биз бул органга реалдуу кирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок .Бул маалымат кандайча, ким тарабынан жана кандай максатта чогултулгандыгы бизге белгисиз”, - деди ал.

Гутеррештин айтымында, бул маалыматтар коммерциялык максаттарда, анын ичинде жарнама жана маркетингде колдонулат. Бул маалыматтар байлыктын топтолушуна жана теңсиздиктин өсүшүнө өбөлгө түзүүчү жаңы бизнес моделдерин жана таптакыр жаңы индустрияларды жаратууга түрткү берет.

"Биз жөнүндө маалыматтар биздин аң-сезимибизди калыптандыруу жана кабыл алуубузду башкаруу үчүн колдонулат муну биз өзүбүз байкабай калабыз. Өкмөт бул маалыматтарды өз жарандарынын жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн колдонушу мүмкүн, ошол эле учурда адамдардын же топтордун адам укуктарын бузушу мүмкүн. Мунун бардыгы илимий фантастика же XXII кылымга карата дистопиялык божомол эмес. Бул азыр болуп жаткан окуя. Бул олуттуу талкуулоону талап кылат", - деп баса белгиледи БУУнун Башкы катчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-xxi-kylymda-biz-zhomok-dep-ojlogon-korkunuchtar-ktlt



Добавить комментарий