БУУ: 2019-жыл адамзат тарыхындагы эң ысык жыл болот

1 июля 2019 07:45 8197 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму 2019-жыл 2015-жылдан тартып 2019-жылга чейинки беш жылдыктагы эң ысык жыл болуп, адамзат тарыхындагы эң жогору температуранын рекорддун кое турганын маалымдады. Бул тууралуу Euronews кабарлады. 

Уюмдун басма сөз катчысынын айтымында, азырынча Европадагы ысык климаттын өзгөрүшү менен түздөн-түз байланыштуу деп айтууга али эрте, бирок глобалдык ысык болуудан улам абанын температурасы 40 градустан жогорулашы мындан ары дайыма боло бермекчи жана бул көрсөткүч келечекте дагы жогорулашы ыктымал.

2019-жылдагы аномалдуу ысыктын себеби Гренландия менен Европанын түндүк-борбордук аймагынын үстүндөгү жогорку басым системасынан келип чыгууда.

Бул басым абаны салкындата турган түштүк циклонду токтотуп салып жатат.

Окумуштуулар жогорку ысык миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келиши ыктымал деп кооптонушууда.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-2019-zhyl-adamzat-taryhyndagy-e-ysyk-zhyl-bolot-midegen-adamdar-kaza-tabyshy-yktymal



Добавить комментарий