Бурулайдын өлүмү боюнча соттун чечими: Марс Бөдөшов 20 жылга, жанындагысы 7 жылга кесилди

11 декабря 2018 15:03 1699 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бурулайдын өлүмү боюнча бүгүн 11-декабрда бишкек шаардык Свердлов районунда соттун чечими чыкты. Анда айыпталуучу Марс Бөдөшов 20 жылга, ал эми ала качууга көмөктөшкөн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

"Соттолуучу Марс Бөдөшов жана "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун иштери менен таанышып, изилдеп чыгып, сот өкүм кылат: Соттолуучулар Бөдөшов менен Сейитовдун күнөөлөрү толугу менен далилденди. Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен эки эпизоддо тең 7 жылдан жаза мөөнөтүн өтөсүн. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратылсын. Жалпысынан тергөө абагында отурган күндөрүн кошуп эсептеп жана Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтүн өтөсүн. Жаза мөөнөтүн өтөө 2018-жылдын 28-майынан тартып эсептелсин. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күн катары эсептелсин. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта калтырылсын.

Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылсын. Ал жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөсүн. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күнгө барабар деп эсептелсин", - деди судья Чотонов.

Мындан тышкары доо арыздар боюнча, материалдык зыян үчүн жабырлануучуга 300миң сом, ал эми материалдык зыян үчүн 500миң сом өлчөмүндөгү акча өндүрүү чечими чыгарылды.

Эске салсак, ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Кыз 20 жаштагы Бурулай Турдалиева, ал эми шектүү 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-boyuncha-sottun-chechimi-mars-bdshov-20-zhylga-zhanyndagysy-7-zhylga-kesildi



Добавить комментарий