Бурулай каза тапкан 27-майды зомбулуктун курмандыгын эскерүү күнү деп белгилөөнү сунушташууда
27-май Кыргызстанда зомбулуктун курмандыгын эскерүү күнү болуп калышы керек. Мындай демилгени белгилүү тарыхчы жана коомдук ишмер Элери Битекчи көтөрүп чыкты.
“Биздин бабаларда кызды күч менен ала качуу дайыма кылмыш болуп эсептелген. Мындан тышкары “зордук”-зомбулук, зордуктоо деген маанини билдирет.Ошондуктан бул күнү биз ала качуунун курмандыгы гана эмес үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болгондорду эскеребиз. Зомбулуктан каза тапкан кыздардын тизмеси керек. Аты-жөнү. Алар жөн гана статистика болуп калганынын кереги жок”,-деп жазды Битекчи.
Белгилүү болгондой, 2017-жылы 27-майда Талас областында туулган Марс Бодошев өзүнүн классташы Акмат Сеитов менен 19 жаштагы Бурулайды Бишкекте ала качып, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүргөн.
Добавить комментарий ×