Таласка кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалды
«Сосновка» постунда 2-ноябрда кечки саат 10дор чамасында кыз ала качып бара жаткандар кармалды.Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аларды Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кызуу кызматынын №5 взводунун инспекторлору кармаган.
2-ноябрда саат 21:30да Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кызуу кызматынын жеке курамына кечки саат 8дер чамасында Аламүдүн районунун Ала-Тоо совхозунда эки жигит 2003-жылы туулган кызды күч колдонуп ала качып кеткени тууралуу ыкчам маалымат берилген. Алар болжол менен Тадас областына бет алышканы тууралуу айтылган.
“Кармоо” планы жарыяланып, инспекторлор «Лексус» унаасын кармашкан. Үч жигит кызды никеге туруш үчүн Талас областына ала качып бара жатышканы белгилүү болду.
Учурда кыз ала качкандар Жайыл РИИБине жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/talaska-kyzdy-ala-kachyp-bara-zhatkan-zhigitter-karmaldy
Добавить комментарий ×