БШК: "Шайлоого катышууга 35 саясий партия катталды"
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 35 партия катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы «Барометрге” билдирди.
Парламенттик шайлоого катышууга 35 саясий партия БШКга кайрылды. Эң алгачкы кайрылгандардын бири «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары.
Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
"Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар:
1. «Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы»
2. «Адам-Демократ»
3. «Ак Калпак»
4. «Актив»
5. «Ар-Намыс»
6. «Ата Мекен»
7. «Бийлик элге» (Власть народу)
8. «Бирик»
9. «Биримдик»
10. «Бүтүн Кыргызстан»
11. «Эл үнү» («Глас народа»)
12. «Демократ»
13. «Элдин биримдиги»
14. «Жаратман Эл»
15. «Кыргызстан»
16. «Мекеним Кыргызстан»
17. «Мекенчил»
18. «Мекен Ынтымагы»
19. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы
20. «Ордо»
21. «Кыргызстан жашылдар партиясы» («Партия зеленых Кыргызстана»)
22. «Кыргызстан коммунисттик партиясы»
23. «Эмгек партиясы»
25. «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясий партиясы
26. «Кыргызстан жумушчу партиясы»
27. «Республика»
28. «Реформа»
29. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
30. «Социал-демократтар»
31. «Улуу журт»
32. «Улуу Кыргызстан»
33. «Таза коом»
34. «Чоң Казат»
35. «Ыйман Нуру».
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзамга ылайык, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрга бекитилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-shajloogo-katyshuuga-35-sayasij-partiya-kattaldy
Добавить комментарий ×