БШК: Эстрада ырчыларын үгүт иштерине чакырууга мыйзам жол берет

22 сентября 2021 14:06 1403 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоодо эстрада ырчыларын үгүт иштерине чакырууга чектөө жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Наргиза Нанакеева журналисттерге маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, талапкерлер жана партиялар үгүт маалында концерттерди, театрлаштырылган иш-чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрө албайт.Бул олуттуу мыйзам бузуу болуп саналат, бул үчүн катышуучуга айып салынып же эскертүү берилип, ал тургай шайлоодон четтетилиши мүмкүн.

“Квартал башчылары, үй комитеттеринин башчылары, муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер үгүтчү боло алышпайт. Бул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелет”,-деп айтты ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда шайлоо 28-ноябрга белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-estrada-yrchylaryn-gt-ishterine-chakyruuga-myjzam-zhol-beret



Добавить комментарий