БШК шайлоо чыгашасы 592 миллион сом болорун жарыялады

17 сентября 2021 16:01 1756 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого корото турган чыгымдардын 592 миллион 531 миң сом болору тууралуу сметаны жарыялады. Бул тууралуу БШКга шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Ага байланыш тейлөөлөрү дагы киргизилгени айтылды. Байланыш тейлөөлөрү үчүн 7 миллион 5 миң сом сарпталмакчы.

Транспортко 28 миллион 674 миң сом, чарбалык товарлардын сатып алууга 33 миллион 641 миң сом керектелет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-shajloo-chygashasy-592-million-som-bolorun-zharyyalady



Добавить комментарий