Боронов: Партиялар санитардык нормаларды сактоосу керек

7 сентября 2020 13:08 472 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоо процессин өткөрүү пандемия мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

«Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», - деди Боронов.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи.

Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-shajloo-processin-tkrd-partiyalardan-zhana-shajloochulardan-cho-zhoopkerchilik-talap-kylynat



Добавить комментарий