Боронов: Партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, санитардык талаптарды сактоосу керек
Саясий партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, үгүт кампаниясы мезгилинде беткап тагынуу режиминин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керек. Бул тууралуу Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
«Акыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктургандарды саны көбөйүп жатканы боюнча айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», – деди өкмөт башчы.
Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле 50 ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды уюштурууга чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү коронавируска байланыштуу түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жана кыргыз стандагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жаткн чаралар талкууланды.
Ссылка: https://barometr.kg/boronov-partiyalar-z-zhoopkerchiligin-tshnp-sanitardyk-talaptardy-saktoosu-kerek
Добавить комментарий ×