Өлкөнү санариптештирүү жылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сыналгы, смартфондор берилет
Кубатбек Боронов брифингде өкмөттүн ушул жылдагы иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Анын айтымында, өткөн жумада мамлекеттик маанидеги эки документ кабыл алынды. Алар - социалдык, экономикалык туруктуулукту жана калктын кирешелерин колдоо боюнча өкмөттүн иш-аракеттеринин планы, ошондой эле болушу мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралардын планы.
«Өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер улантылат. Бул чөйрөдө билим берүү тармагы негизги багыттардан болуп саналат. Аралыктан билим берүүгө өтүү өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп эсептелет. Учурда мугалимдерди техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, 4 782 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн сыналгысы, ал эми 65 616 окуучунун смартфону жок. Донорлор тарабынан мектеп окуучуларына тиешелүү техникалык каражаттар жардам иретинде берилет. Мобилдик операторлор акысыз интернет менен камсыз кылат», - деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр саламаттык сактоо мекемелерин санариптештирүү маанилүү маселелерден болуп саналарын кошумчалады.
«Өкмөттүн иш-аракеттеринин планында жарандардын ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Ушул пункттун алкагында медициналык адистерди окутуу жана ишке тартуу, 14 медициналык мекемени куруу, оңдоо жана жабдуу, керектүү жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алуу жагы каралган», - деди Өкмөт башчы.
Добавить комментарий ×