Боом капчыгайында жол тайгак, тыгын пайда болду

4 ноября 2021 16:50 1349 Barometr
Поделиться в:
ok

Кардан улам Боом капчыгайындагы жол катуу тайгак болуп, унаалар тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Facebook баракчасына колдонуучу Алена Хоменко маалымдады.

“Жол аябай тайгак, тыгын, айдоочулардын ачуусу андан бетер.Эмне үчүн Транспорт министрлиги алдын ала ойлонуп, жолго бир нерсе сеппейт. Бул жерде күн сайын авария болуп турат го, ал эми кардан улам ал дагы көбөйөт”,-деп жазды колдонуучу.

Эскерте кетсек,буга чейин Транспорт министрлиги  Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында бүгүн, 4-ноябрда кар жаап, жол тайгак болуп жатканын кабарлаган.

Ссылка: https://barometr.kg/boom-kapchygajynda-zhol-tajgak-tygyn-pajda-boldu



Добавить комментарий