Боом капчыгайында 1-5-ноябрда таш кулатуу иштери жүргүзүлөт
Поделиться в:
1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Таш кулатуу иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, жолдун бир бөлүгү Жол кыймылыныны коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылып турат.
Жолду тазалоо маалында унаалар бир тилке менен жүрөт. 30-40 унаа топтолуп калган учурда таш кулатуу токтотулуп, унаалар кое берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/boom-kapchygajynda-1-5-noyabrda-tash-kulatuu-ishteri-zhrgzlt
Добавить комментарий ×