Болочок жолдошуңуздун кантип жактырып калдыңыз эле?

9 сентября 2021 16:30 1603 Barometr
Поделиться в:
ok

“Менин маселем-такыр эле жигиттер жакпайт”,-дейт Гүлназ.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Гүлназ (аты өзгөртүлдү) аттуу окурман төмөнкүдөй суроо менен кайрылды.

“Саламатсыздарбы, мени кызыктырган суроого кыз-келиндерден, улуу эжелерден жооп алгым келет. Мен үйдөгү кыздардын эң кичүүсүмүн, эки эжем турмушка чыгып кеткен, үйдө эркек бала жок. Атам абдан эле жоош киши, апам оокатка тың аял. Өзүм чет тилдери боюнча билим алгам, учурда кесибим боюнча иштеп жатам. Менин маселем жашым отузга жакындап бара жатса да-такыр эле жигиттер жакпайт. Оюма койсо жалгыз эле өзүмдүн иштеримди кылып жүрө берсем дейм. Улам бир жигитти “мындай экен” деп тандай берем. Бирөөнү “жакшы кийинбейт экен, сакалын албай жүдөө экен, туфлийин тазалай албай келиптир, анан кимди жыргатсын, же аябай эле көйрөң бала экен” деп сынап, деги койчу кылдан кыйкым табам. Өзүм да ушул адатымдан өлөрчө жадап кеттим. Тааныштарым, курбу кыздарым, эжелерим “ой жакшы бала болсо эле турмушка чыга бер”,-деп айта беришет. Жолуккан тааныштардын баары эле “качан турмушка чыгасың?” деп сурай беришет. Айтор кантип бул адатымдан кутуларымды билбейм. Чет өлкөгө кетүүгө бир нече ирет аракет кылып бирок азырынча үй-бүлөлүк шарттардан улам бара албай жатам.Турмушка чыгыш керек, же чет өлкөгө иштеп кетиш керек деген эки анжы ойдо турам.Урматтуу кыздар мындай учур сиздердин башыңыздан өттү беле? Болочок жолдошуңуздун кантип жактырып калдыңыз эле? Эмнеси менен жагып тандоо кылдыңыз эле? Келгиле кыздар сырдашалы, кеңеш күтөм”,-деп пирин бөлүштү Гүлназ.

Гүлназга сиздин кеп-кеңешиңиздерди күтөбүз, урматтуу окурман!

 

Ссылка: https://barometr.kg/bolochok-zholdoshuuzdun-kantip-zhaktyryp-kaldyyz-ele



Добавить комментарий