Жакындан бери апам жаңы бир ыкма тааптыр, уксаңыз таң каласыз!

7 сентября 2021 14:57 2111 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мага кеңеш, жөн гана колдооңуздар керек деген ойдо ушул катты жаздым”,-дейт Айжамал.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Айжамал (аты өзгөртүлдү) аттуу окурман төмөнкүдөй суроо менен кайрылды.

“Саламатсыздарбы, мени үй-бүлөдөгү жагдай тынчсыздандырып келе жатат.Үйдө атам арак ичет, апам болсо дайыма андан тамак-ашты катып коет. Мен эс тарткандан бери эле атам ичкенин токтотподу. Көзү ачыктарга, бүбү-бакшыларга, дарыгерлер, наркологдорго деле алып барып көрүштү. Атам өзү ичпегенде деле, ичкенде деле тынч жүрүп ызы-чуу чыгарбайт, бирок эң жаман жери үйдөгү акчаны, жеңил буюмдарды, тамак-ашты сатып, айланадагы дүкөндөргө алып барып берип, анан аны ичимдикке алмашып алып ичет. Ошондуктан апам дайыма аларды катып коет. Эми жакындан бери апам жаңы бир ыкма тааптыр, уксаңыз таң каласыз.Үйдөгү суу майды, кум шекерди огородко чуңкур казып көмүп, анан ошондон атам жокто алып чыгат. Анын үч баласын багып чоңотом деп тартпаган түйшүгү калбады. Мен турмушка чыккандан тартынам, атасы “ичкич” экен деп айтышат го дейм. Айтор кыйын эле жашоодо жашап жатабыз.Атамдын ичкенин токтоторуна деле көзүм жетпейт. Мага кеңеш, жөн гана колдооңуздар керек деген ойдо ушул катты жаздым”,-дейт Айжамал.

Айжамалга жакшы пикир бөлүшүп коюңуз урматтуу окурман!

Ссылка: https://barometr.kg/zhakyndan-beri-apam-zhay-bir-ykma-taaptyr-uksayz-ta-kalasyz



Добавить комментарий