Блогер: Тоюттун жоктугунан улам малга картон берип жатышат

15 июля 2021 11:30 1807 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Актау шаарынан блогер Азамат Сарсенбаев Мангистау областында малды кантип картон кагаз менен тоюттандырып жатышкан тууралуу маалыматты жарыялаганын “Барометр” билдирет.

Блогер Facebookтагы баракчасына Актау шаарынан 350 чакырым алыстыкта жайгашкан Акшымырау айылынан фото отчет жарыялаган. Кадрларда жергиликтүу тургундар малдын тоютуна картон кошуп берип жатканы көрсөтүлгөн.

Катуу ысыктан улам чөп куурап кетип кургакчылыктан жабыркаган айыл тургундары картонду сууга чылап, андан соң ар түрдүү калдыктарга аралыштырып төөлөргө жана башка малга берип жатышат.

Буга чейин да соцтармактарда ушундай маанидеги видео жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/bloger-toyuttun-zhoktugunan-ulam-malga-karton-berip-zhatyshat



Добавить комментарий