Бизнесмен актриса Аксенова менен кечки тамактануу үчүн 15 000 доллар төлөп алданып калган

31 мая 2019 09:48 4696 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Россиялык бизнесмен Николай Рыбочкин белгилүү актриса Любовь Аксенова менен кечки тамакка баруу үчүн чоң суммадагы акча төлөгөн. Бирок ал бир жолку жолугушууга чакырганына карабай актриса кечке келген эмес.

Любовь Аксенова 29 жашта, ал өзүнүн дене-мүчөсүн мыкты формада сактоого аракет кылып анын жыйынтыгы менен интернет баракчасы аркылуу ачык бөлүшүп келет.

Актриса эркектер үчүн чыга турган MAXIM журналына чыккандан кийин белгилүү "Мажор" сериалында төшөк сценасында тартылган. Дал ошол рольдон кийин анын таанымалдуулугу 2 эсеге өскөн.

Өзүнүн бактысына ишенген бизнесмен кечки тамакка баруу үчүн өзүнө төп келген селки издеген. Ал Любовь менен жолугушууну каалап  өзүн актрисанын менеджеримин деп тааныштырган жигит менен макулдаша баштаган. Жигит бизнесменден актрисанын бир кечки тамакка келип берүүсү үчүн 15 000 доллар талап кылган.

Николай Рыбочкин акчаны толук бойдон төлөгөнүнө карабай белгиленген жерге эч ким келген эмес. Бизнесмен дароо милицияга арыз жазган. Укук коргоо органдары актрисанын продюссерине байланышка чыкканда телефонду жолдошу Павел Аксенов алган. Ал мындай айып тагууга:

"Любовь эч канчан сатылган эмес, сатылбайт дагы. Анын үстүнө каяктагы 1 000 000 рублейге", -деп кесе жооп берген.

Мындан улам Рыбочкин калпычылардын тузагына илинип калганы ачык болду. Маалым болгондой буга чейин жылдыздардын атын пайдаланып акча иштеген жагдайлар бир нече жолу катталган.

Белгилей кетсек Любовь Аксенова 2013-жылы турмушка чыккан. Алар жолдошу Павел Аксенов менен таанышкандан 3 ай өткөндөн кийин эле үй-бүлө болуу чечимин кабыл алышкан.

"Көбүнчө сүйүү 5 жылда бүтөт деген кептерди угуп калам. Мен андай пикирлерге таптакыр кошулгум келбейт. Биздин чогуу жашап жатканыбызга 7 жылдай болуп калса да ар күн сайын өзүмдун бактылуу экенимди сезип ойгоном. Мен сүйүктүү жубаймын", -деп никесинде бактылуу жашап жатканын кошумчалаган актриса.

Ссылка: https://barometr.kg/biznesmen-aktrisa-aksenova-menen-kechki-tamaktanuu-chn-15-000-dollar-tlp-aldanyp-kalgan



Добавить комментарий