Исмаилова: Медиктер үйгө кетпестен, вахталык режимде иштеп жатышат
“Свердлов районунун мобилдик бригадасынын дарыгерине айлык акы, анын Үй-бүлөлүк медициналык борборго тапшырган маршруттук баракчасы жана табелине жараша эсептелип, төлөнгөн”, - деп түшүндүрдү Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгуль Исмаилова. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
“Медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөнгөн жок же суммасы аздык кылат деген маалыматтар чыккан. Бирок, бардык кызматкерлерге айлык акы табель боюнча эсептелип, төлөнүп берилди. Ал эми, жогоруда айтылган дарыгердин маршруттук барагы туура эмес толтурулган, мындан улам ал баракты оңдоп, Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды. Себеби, ар бир акы ведомстводо эсептелип, төлөнөт. Буга чейин, акы саатына 100 сом төлөнгөн мезгилгде эсептелип, берилген. Азыркы учурда медиктер үйгө кетпестен, вахталык режимде иштеп жатышат. Андыктан, май айында айлык акынын суммасы көбөйүп, өзгөрөт”, - деп кошумчалады Исмаилова.
Ссылка: https://barometr.kg/bismailova-medikter-jg-ketpesten-vahtalyk-rezhimde-ishtep-zhatyshat
Добавить комментарий ×