Бишкектин ичинде жүрүү үчүн кандай документтер керек? Түшүндүрмө

11 мая 2020 11:16 2524 Barometr
Поделиться в:
ok

11-майдан тарта өлкө боюнча өзгөчө абал алынып, өзгөчө кырдаал калтырылды. Ошондой эле, бүгүнтөн тарта бир катар тармактар ишин жандантты.

Республикалык штад шаар ичинде жүргөндө маселе жаралбашы үчүн кандай көчөдө жүргөн жарандардын жанында кандай документтер болушу керектигин түшүндүрүп берди.

"Иштөөгө уруксат берилбеген тармактардагы кишилерге карантин убагында шаар ичинде негиздүү себептер менен жүрүүсү үчүн жанында чыгуу себеби жана бара турчу жери көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болушу керек.

Эске салсак, азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медициналык мекемелерге баруудан сырткары, шаар ичинде жүрүү чектелген, анын үстүнө жаныӊарда ким экенин тастыктоочу документ жана колго толтурулган маршруттук баракча алып жүрүү зарыл.

Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрдүн тизмесине кирген жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек).

Жеке ишкерлерде өздөрүнө патент болушу керек.

13-майга чейин уруксат берилген ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө ишке тартылган адамдарга маалымкатты алуу жана тиешелүү мөөрдү койдуруу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ichinde-zhr-chn-kandaj-dokumentter-kerek-tshndrm



Добавить комментарий