Бишкектин экологиясын эми дрон менен көзөмөлдөй турган болду
Айлан-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын экологиялык абалын дрондун жардамы менен көзөмөлдөй турган болду. Мындай чечимди ишкана жетекчиси Абдыкалык Рустамов экологияны жакшыртуу боюнча жыйында кабыл алды.
«Дрондун жардамында калаанын борбордук көчөлөрү, мончо, сауна жана базар сыяктту объектилер күн сайын каралып турат. Ошондой эле тигүү цехтери, мыйзамсыз автотоктомолор, жол тыгындары, жол эрежелерин сактабагандар жана газдарды көп бөлүп чыгаргын машиналар да дрондун көзөмөлүндө болот», - дейт Абдыкалык Рустамов.
Дронго алынган баардык мыйзам бузууларды аталган агенттик тиешелүү органдарга (мамлекеттик экотехинспекциясы, ИИМ ж.б) өткөрүп берет. Анын негизинде күнөөлүүлөр жоопко тартылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ekologiyasyn-emi-dron-menen-kzmldj-turgan-boldu
Добавить комментарий ×