Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт
Поделиться в:
Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
6-майда жана 7-майда газ куурун оңдоо иштерине байланыштуу Абдыкадыров көчөсүндөгү 19 абоненттин газы өчүрүлөт.
7-майда жана 8-майда Арзамасская менен Дэн Сяопин көчөлөрүндө 37 абоненттин газы берилбейт.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ajrym-rajondorunda-gaz-chrlt
Добавить комментарий ×