Николай Танаевдин сөөгү Санкт-Петербург шаарына коюлат

20 июля 2020 10:35 1061 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаевдин сөөгү Санкт-Петербург шаарына коюлат. Бул тууралуу анын жакындарына таянып «Барометр» билдирет.

Кыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев кечээ, 19-июлда көз жумду. Анын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла эле. Маалыматка ылайык, ал Санкт-Петербургда жашап, "Газпром" ишканасында иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, Танаев 2002-2005-жылдар аралыгында кыргыз өкмөтүн жетектеп келген. 2005-жылдын 24-мартында элдик көтөрүлүштөн кийин кызматтан кеткен.

Танаевдин сөөгү бүгүн Россиянын Санкт-Петербург шаарында жерге берилет.



Ссылка: https://barometr.kg/nikolaj-tanaevdin-sg-sankt-peterburg-shaaryna-koyulat



Добавить комментарий