Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы коронавирус жуктурду
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго коронавирус жукту. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазды.
“Мен оорудум, ооруканаларда орун жок болгонуна байланыштуу үйдө жатам. Тойлордо болгон эмесмин”, - деп жазган ал.
Ошондой эле, ал вирустун экинчи толкуну келгенин белгиледи.
Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавируска чалдыкканы маалым болгон. Ал эми бүгүн брифинг учурунда Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов эл өкүлдөрүнөн да вирус аныкталганын тастыктады.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө коронавирус боюнча жалпы 3 356 учур катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ajmaktyk-shajloo-komissiyasynyn-tragasy-koronavirus-zhukturdu
Добавить комментарий ×