Бүгүн мектептер менен жогорку окуу жайлар салттуу режимде окууну баштады
Кыргызстандын мектептери, жогорку окуу жайлары жана башка билим берүү мекемелери бүгүн 15-сентябрдан тартып салттуу режимде окуу процессин баштады, мектептерде салтанаттуу линейкалар болуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Буга чейин аталган министрликтен маалым кылышкандай окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.
Офлайн окутууда эң башкы шарттардын бири мугалимдер менен кызматкерлердин 70 пайызынын эмдөө алышы болгон.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын март айынан бери коронавирус пандемиясынан улам мектептер аралыктан окутууга өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-mektepter-menen-zhogorku-okuu-zhajlar-salttuu-rezhimde-okuunu-bashtady
Добавить комментарий ×