Бишкектеги жол кырсыктан эки спортчу каза болду
Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясы социалдык тармактагы баракчасына атактуу спортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоровдун автокырсыктан каза болгонун жазып чыгышты. Бул тууралуу федерациянын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.
Кырсык кечээ, "Манас" аэропортуна кеткен трассада катталган. Милиция эки велосипедчен кишини сүзүп кеткен 39 жаштагы мас айдоочуну кармаган. Алар 46 жаштагы С.И. жана 44 жаштагы Т.Е. аттуу жарандар болгон. Алардын бири кырсык болгон жерде каза болгон, экинчиси ооруканага жетпей тез жардам унаасында көз жумган.
"Эки спортчу тең мурда велоспорт менен профессионалдуу түрдө машыгып келишкен. СССРден тарта, азыркы учурга чейин вело-турнирлерге катышып, көптөгөн сыйлыктарга татышкан.
Белгилей кетсек, Илья Сидоров — СССРдин спорт чебери, КРнын Триатлон Федерациясынын мүчөсү болгон, Евгений Требунский – Кыргызстандын спорт чебери, аталган федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. ", — деп айтылат маалыматта.
Спортчулар учурдагы пандемияга карабай машыгууларын улантып, көпчүлүккө дем-күч берген акыркы видеосу жарыяланды.
Триатлон Федерациясына, Требунский жана Сидоровдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына "Барометр"
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-zhol-kyrsyktan-eki-triatlon-federaciyasynyn-sportchusu-kaza-boldu
Добавить комментарий ×