Бишкектеги соода борборлору карантинге жабылууда

20 марта 2020 18:03 1941 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги ири соода жана көңүл ачуучу жайлар жабылууда. Бул тууралуу “Барометр” агенттигине мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, айрым соодо борборлору карантинге жабылууну өздөрү кабыл алышкан. Алар: Bishkek Park, Vefa жана «Караван» соода борборлору.

Мындай аракеттер өкмөттүн 17-мартындагы №163 токтому менен ишке ашууда. Аталган токтомдо борбор шаарда эпидемиологиялык абал жакшыруусуна чейин бир катар уюмдардын иш-чаралары жана ишмердүүлүгү токтотулган.

Бардык маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эстелик иш-чаралары жакшы мезгилдерге чейин өткөзүлбөйт. Бардык оюн-зоок жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, интернет-клубдар, соода борборлор, кинотеатрлар, театрлар, музейлер, көргөзмө залдар жана галереяларда жабылууга тийиш.

Ошондой эле, токтомго ылайык, спорттук ден соолукту чыңдоо борборлору, спорт секциялары, коомдук мончо, сауналар жана бассейндер дагы ишин токтотушу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-sooda-borborloru-karantinge-zhabyluuda



Добавить комментарий