Бишкектеги Москва кѳчѳсү оңдолот
Бөлүшүү:
14-сентябрдан тартып Абдрахманов – Манас тилкеси калыбына келтириле баштайт. Эгерде бул бөлүктү дароо жаап салса, тыгындар жаралат. Ошондуктан алгач Москва көчөсү Абдрахманов-Тоголок Молдо тилкесинде чектелет. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалымдады. Маалыматта, түндүк-түштүк багытта кыймыл ачык бойдон кала берет. Мындан тышкары, унаалар Киев көчөсүнө убактылуу көчүрүлүп, Токтогул көчөлөрүн эки тараптуу кылуу каралууда. Бул маселе Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте чечилип жатат. Жалпысынан курулуш 30-октябрга чейин созулат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-moskva-kchs-odolot
Добавить комментарий ×