Бахтияр Шакиров Бишкектеги ооруканада асма укол алгандан кийин каза болгон
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан асма укол алгандан кийин каза болгон жаран Консулдук департаменттин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров болгон. Бул тууралуу “Барометрге” анын жакындары кабарлашты.
Буга чейин, 31-марттан 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 39 жаштагы жаран кайрылып, антибиотиктен асма укол алгандан кийин каза болуп калганын жазганбыз.
Белгилей кетсек, маалыматта медайымдар жаранга асма укол жасардан мурун антибиотиктерге сезгичтигин текшерүүнү жасаган же жасабагандыгы айтылган эмес.
Жакындарынын айтымында, Бахтияр Шакиров иш сапары менен Москвага кетмек. Ошондуктан, алдын ала коронавируска каршы вакцина менен эдөөдөн өтүү үчүн барган болушу мүмкүн.
Ал эми, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна байланышканыбызда Бахтияр Шакировдун аталган борбордон каза болгонунун тастыктап, бирок, ал кандай шартта каза болгону тууралуу азырынча маалымат бере албай турганын айтышты.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын Ленин РИИБ учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыктары чыкканда Бахтияр Шакировдун эмнеден улам каза болгону маалым болорун кабарлашты.
Буга чейин, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Бахтияр Шакиров Кытайдан келген "SinoPfarm" вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болду" деген маалыматты четке кагып, учурда биринчилерден болуп медиктер эмдөөдөн өтүп жатканын кабарлаган.
Добавить комментарий ×