Бишкектеги Ак-Ордо конушуна 480 орундуу мектеп курууга тендер жарыяланды
Бишкек шаарынын Алтын-Ордо жаңы конушуна мектеп курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жаңы мекетеп Ак-Ордо 14 көчөсүнө салынат.
“Жаңы мектеп 480 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун сметасы жана документтери толугу менен бүткөрүлдү.
Тендер борбордук мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлөт.
Жаңы жалпы билим берүү мекемесинин курулушунун баштапкы сметалык баасы 122 миллион 565 миң 569 сомду түздү. Каржылоонун булагы шаардын бюджети”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-ak-ordo-konushuna-480-orunduu-mektep-kuruuga-tender-zharyyalandy
Добавить комментарий ×