Бишкекте жолдон ѳтүп бара жаткан кызды эки унаа сүзүп кетти

18 ноября 2019 10:22 3596 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн Бишкекте  таңкы 8:00 чамасында жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымат боюнча кыз жолдон өтүп бара жатканда X-Trail үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп алган. Анын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу токтотууга үлгүрбөй, кызды тебелеп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда анын өздүгү такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zholdon-tp-bara-zhatkan-kyzdy-unaa-szp-ketti



Добавить комментарий