Бишкекте жол кырсыгынан беш адам жабыркады

23 мая 2019 10:40 2908 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Mercedes Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунан беш адам жабыркады. Бул туурасында шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Жол кырсыгы бүгүн, 23-майда 8.29 чамасында болгон.

«Mercedes унаасынын айдоочусу К.Л., Чынгыз Айтматов проспектиси менен кетип бара жатып, Ажыбек Баатыр көчөсү менен кесилишкен жерде 33 жаштагы К.С. башкарып бара жаткан Toyota Avensis авто унаасы менен сүзүшкөн. Эки унаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди”,-деп маалымт берген ЖКККББ.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhol-kyrsygynan-besh-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий