Бишкекте жер төлөдөн Орусиянын жаранынын бычакталган жансыз денеси табылды
Бишкекте жер төлөдөн Орусиянын жаранынын бычакталган жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 3-ноябрда милицияга Бишкектин Калык Акиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн бычактан жаракат алган 35-40 жаштагы адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
“Окуя болгон жерге Ленин РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен.
Милиция маркумдун өздүгүн тактап, ал Россия Федерациясынын жараны 1992-жылы туулган Р.И. болуп чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, орусиялык өз жанын кыйган.
Учурда бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zher-tldn-orusiyanyn-zharanynyn-bychaktalgan-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×