Бишкекте унаалар кагылышып, кафени да сүзүп кетишти

19 ноября 2019 11:36 3000 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Токтогул – Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жол кырсыгы катталды. Кырсыкка кабылган унаалардын бири жол четиндеги Social Coffee кафесинин темир устундарын сүздү.

Окуя тууралуу сүрөттөрдү facebook колдонуучу Жылдызбек Керимбаев өзүнүн баракчасына жарыялады.

Жерине ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери келишип, кырсыктын келип чыгышын териштирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-unaalar-kagylyshyp-kafeni-da-szp-ketishti



Добавить комментарий