Бишкекте турак-жайдын бир чарчы метри 30,5 миң сомдон болуп жатат

3 августа 2021 10:11 2090 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын январь-июнь айларында жалпы аянты 554,6 миң чарчы метр болгон 4 950 үй жана квартира колдонууга берилди, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу Улуттук стастистикалык комитеттин материалдарында айтылганын “Барометр” билдирет.

Аталган мезгилде негизги капиталга 16 млрд 193,8 млн сом инвестиция салынды, аталган сумма 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда 3,2 пайызга көп.

Курулуштун орточо факты жүзүндөгү бир чарчы метринин баасы турак-үйлөр үчүн январь-июнь айларында-16,1 миң сом, шаарларда- 20,6 миң сом, айыл жеринде-13,9 миң сомдон бааланды.

Эң эле кымбат бааланган турак жайлар Бишкекте сатылып, анын бир чарчы метри 30,5 миң сомдон болду.

Кийинки катарда Ош-9,9 миң сом жана Нарын областындагы турак-жайлардын бир чарчы метри 11,7 миң сомдон бааланды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-turak-zhajdyn-bir-charchy-metri-305-mi-somdon-bolup-zhatat



Добавить комментарий