Москвада кыргыз жарандарын турак жай-коммуналдык жумушка орноштуруу маселелери талкууланды
Кыргыз мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Каймазаров Таштанбек Тураровичтин Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шутенко Олег Владимирович менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу миграция мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Москва шаарында Кыргызстандын жарандарын турак жай-коммуналдык чарба, курулуш ж.б. тармактарына жумушка орноштуруу маселелери талкууланды. К
ыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына бул багытта Бишкектеги “Москва үйү” маданий жана ишкердик борбору менен өз ара аракеттенүүнү түзүү сунушталды.
Добавить комментарий ×