Курсан Асанов ооруп калганына байланыштуу соттук отурум жылдырылды
Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Курсан Асанов, Турсунбек Бейшенбеков, Дамир Пайзилда уулунун жазык иши каралууда.
Айыпталуучу Асановдун ооруп жаткандыгына байланыштуу ал соттук отурумга келген жок. Бүгүнкү соттук териштирүү иши 24-июлга жылдырылды.
Эскерте кетсек, Асанов өзүн жана ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун ыкчам кызматкерлери Дамирбек Пайзылда уулу менен Мухаммед-Али Асановду өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жардамчысы жана жан сакчысы катары колдонгон деп айыпталууда.
Мындай мыйзам аракеттерден улам мамлекетке 793 197 сом зыян келген.
Андан сырткары Асанов менен күйөө баласы Турсунбек Бекшенбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө.
Министрдин мурдагы орун басары ошондой эле, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларда далилдерди билип туруп жок кылган деп дагы айыпталууда.
Добавить комментарий ×