Борбордо ишкердик объекттер текшерилип 1,5 млн сомдук тротоколдор түзүлдү

10 июня 2020 13:41 982 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордо ишкердик объекттер текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

14-майдан 9-июнга чейинки мезгилде коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык келишине 6 425 ишкердик объектиси текшерилип, 1 558 500 сом суммасына бузуулар тууралуу иштер боюнча 692 протокол түзүлдү.

Рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн жерлер:

 «Ош базары» соода-базар комплекси

 «Баткен Комфорт «Уста»

 «Комфорт KG»

 «Элит Строй»

 «Азия Mall» соода борбору

 «Дордой-Дыйкан» базары

 «Дордой Моторс» базары

 «Вефа» соода борбору

 «Азиз» базары

 «Мигросс» супермаркети

 «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы

 «Фрунзе» гипермаркети

 «Бета Сторес» соода-оюн зоок борбору

 «Гоин» соода борбору

 «Бишкек Парк» соода-оюн зоок борбору

 «ГУМ «Чынар» соода-оюн зоок борбору

«Берекет» соода үйү

 «Кудайберген» базары

«Огни Баку», «Кореан Хаус», ОсОО «Империя пиццы», «Тюбетейка», «Live Bar», «Восточка», «Улуу Тоо», «Асгард», «Тайм-аут», «Жираф», «Ожак кебаб», «Бухара Ассорти» кафелери.

 «Бигсер спорт»

 «Роскерамика»

 «Комфорт»

Ошондой эле, санитардык эрежелерди жана ченемдерди бузуп, өз алдынча секция ачып алганы үчүн № 24 мектеп-гимназиясы текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rejddik-ish-charalar-zhrgzld



Добавить комментарий