Бишкекте муздун алдынан 6 жашар баланын сөөгү табылды
Бишкекте муз алдынан жаш баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 30-январь күнү саат 16:37 чамасында куткаруучуларга Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун, муздун алдына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
“Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ тартылган.
Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында, 6 жаштагы К.У.К аттуу баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-muzdun-aldynan-6-zhashar-balanyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×