Бишкекте мектептин жанынан кармалган карышкыр кайда берилери белгилүү болду
Шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча 11-февралда болжол менен саат 12:10дор чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматы чакыруу келип түшкөн. Анда, Республиканский көчөсүндө жайгашкан №41 орто мектептин жанында карышкыр жүрөгөндүгү тууралуу маалымат билдирилген.
Ошол замат аталган даракке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында бөлтүрүктү кармаган. Ал мамлекеттик экология техникалык инспекциясына өткөрүп берилген.
Видеодо милиция кызматкерлери бөлтүрүктү Коммунаров көчөсүнөн кубалап келип Чоң Чүй каналынын жээгинен кармаганын айтып жатканын угууга болот.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Талант Кожоев “Барометр” сайтына учурда кармалган карышкыр “Бугу Эне” коомдук фондусуна өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Ал ошондой эле, кармалган жырткыч жаныбардын жашын жана башка нерселерди атайын адистер аныктап маалымат берерин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mekteptin-zhanynda-karmalgan-karyshkyr-kajda-berilerin-belgil-boldu
Добавить комментарий ×