Бишкекте маршурткада 30 жаштагы киши каза тапты

10 августа 2021 12:25 1371 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-августта эртең менен Бишкектеги маршруткалардын биринде 30 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Бишкектин Тез жардам борборунан маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, эркек киши маршруткада бара жатып өзүн жаман сезген.

“Тез жардамды саат 08:50дө Чүй 111а дарегине чакыртышкан. Тез жардамдын бригадасы 09:10до барган. Тез жардам барганга чейин адамдын каза тапканы аныкталды. Эмнеден улам каза болгону белгисиз”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshurtkada-30-zhashtagy-kishi-kaza-tapty



Добавить комментарий