Бишкекте "Кыргызпочтасы" иштеп баштады. Жөлөк пул жана пенсия убагында берилет

14 июля 2020 16:38 992 Barometr
Поделиться в:
ok

"Кыргызпочтасынын" бөлүмдөрү кайрадан ишин баштап, социалдык жөлөк пулдар жана пенсиялар өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

13-июлдан тартып, Бишкек шаарындагы "Кыргызпочтасы" МИнин бөлүмдөрү кайрадан ишин баштады, социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды төлөө өз убагында жүргүзүлөт.

“12-кичи районундагы, “Asia Mall” соода-оюн зоок борборундагы, Бах-Ахунбаев жана Т. Молдо-Фрунзе "Фрунзе" гипермаркетиндеги калкты тейлөө борборлору эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин карантинге жабылды. Бирок даяр паспорттор штаттык режимде берилет», - дешти мамкаттоодон.

Өлкө аймагынан өзгөчө кырдаал режими алынып салынгандан кийин каттоону айып пул төлөбөстөн узартса болот.

“Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоону узартууга КТБларга кайрылуусуна кажет жок. Каттоону өзгөчө кырдаал режими алынып салынгандан кийин айып төлөбөстөн эле узартса болот», - деп айтылат маалыматта.

Паспортторунун жарактуулук мөөнөттөрү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктап жаткан өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан гана жарандардын паспортторунун жарактуулук мөөнөттөрү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Республика боюнча аймактык архивдер аралыктан иштөө режимине өткөн. Аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо үчүн борбордук архивдеринин кызматкерлери чектелген санда иш алып барышууда.

Эске салсак, “Унаа” мекемесинин айрым бөлүмдөрү карантинге жабылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kyrdaalga-bajlanyshtuu-ajrym-kalkty-tejl-borbolor-aralyktan-ishteshet



Добавить комментарий