Бишкекте 9-кабаттан кулап, аман калган жигиттин ички органдары жарылып кеткен

12 марта 2021 13:30 14326 Barometr
Поделиться в:
ok

Курулуш жүрүп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан кулап кетип, аман калган 18 жаштагы жигиттин абалы оор. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлашты.

Дарыгерлердин айтымында, имараттын 9-кабатынан кулап кеткен 18 жаштагы бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

“Бейтапка баш мээсинин чайкалышы, ичтин жабык травмасы. Ошондой эле, боордун оң бөлүгүнүн жабыркашы, жоон ичегинин жабыркашы, ичтин орточо кан агымы, жалпыланган ретроперитоналдык гематома деген диагноз коюлду.

Ал эми, бейтапка шашылыш түрдө, жабыркаган бооруна операция жасалды. Жакын арада, колу-бутундагы сыныктарга операция жасалат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн, 12-мартта соцтармактарда "курулуш иштери жүрүп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан курулушчу кулап кетти" деген видео таркаган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы аталган видео тууралуу билдирүү таратып, окуя 1-март күнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө орун алганын тастыктаган

Автор: Жанышбекова Чолпон


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kurulush-imaratynyn-9-kabatynan-kulap-ketken-18-zhashtagy-zhigittin-abaly-oor



Добавить комментарий