Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп жарандар эвакуацияланууда

14 сентября 2022 17:06 848 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, үч жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 14 сентябрда ӨКМга  Ленин районуна караштуу, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө саат 13:58де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:58де Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Саат 14:15тө өрт чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды.

Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды.  

Жалпы 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр  бөлмөсү күйгөн.  

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такатлууда",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kp-kabattuu-j-rttnp-zharandar-evakuaciyalanuuda



Добавить комментарий