Бишкекте коменданттык сааттын режимин 157 киши бузду
27-марттын кечинен тартып, 28-марттын таңына чейинки коменданттык саатты Бишкек шаары боюнча 157 киши бузган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
“27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, 3 жашы жете элек өспүрүм жана 5 чет элдик жаран”, - деди ал.
Орозалиев эреже бузгандар райондук милиция бөлүмдөрүнө алып келинип, протокол түзүлүп анан коё берилген.
“Шаар тургундарынан муктаждык болбосо сыртка чыкпай турууну суранабыз”, — деди Бишкек шаарынын коменданты.
Ал эгер сиздин азык-түлүк, дары-дармек алууга жана ооруканага баруу муктаждыгыңыз болсо гана сыртка чыксаңыз болот.
27-марттагы коменданттык саат режимин 146 киши бузган болчу.
Бишкек шаарына өзгөчө абал менен коменданттык саат коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө жана анын алдын алуу максатында киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-komendanttyk-saattyn-rezhimin-157-kishi-buzdu
Добавить комментарий ×