Бишкекте Кичине Чүй каналынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

1 сентября 2020 10:44 1707 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Кичи Чүй каналынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Аламүдүн районунун Маевка айылында Кичи Чүй  (МЧК) каналынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, болжол менен 60-65 жаш курактагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kichine-chj-kanalynyn-zheeginen-erkek-kishinin-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий