Бишкекте кичи жана чоң автобустардан нормадан ашыкча уулуу заттар чыгаары аныкталды
Мамэкотехинспекция тарабынан Бишкек шаарынын атмосфералык абасына ашыкча ыш-түтүндөрдү бөлүп чыгарган автоунаалар текшерилип жатат. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына журналист Чыңгыз Абдымалик уулу билдирди.
Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча инспекторлору жана жол көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи, чоң автобус жана жүк ташуучу унааларды кароого алышты.
Текшерүүдө кичи жана чоң автобустардын нормадан ашыкча уулуу заттар чыгаары аныкталды. Унаалардын ашыкча түтүн чыгуусу атайын каражаттардын жардамы менен ишке ашырылды. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан уулуу заттарды көп чыгарган унаа ээлерине протокол толтурулуп, айып пул салынды. Ошондой эле адистер тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Мамэкотехинспекциянын экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлорунун айтымында, унаалардын экологиялык талаптарга шайкеш келүүсү боюнча текшерүүлөр дагы уланат. Бул жаатта атайын каражаттарды колдонуу каралган. Себеби, учурдагы унаалардын техникалык абалы көнүл жубатаарлык эмес жана алар Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булгануусуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Добавить комментарий ×